Түркиянын көздөн чыгарыла турган өлкө болбогонун ар кимдин билиши керек

Калын,Президенттик комплексинде президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Президенттик кабинет жыйналышы тууралуу маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1024059
Түркиянын көздөн чыгарыла турган өлкө болбогонун ар кимдин билиши керек

Президенттиктин басма сө катычы Ибрахим Калын, Түркиянын көздөн чыгарыла турган өлкө болбогонун ар кимдин билиши керектигин айтты.

Калын,Президенттик комплексинде президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Президенттик кабинет жыйналышы тууралуу маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Бир журналисттин АКШнын Түркияга берилиши керек болгон F-35 согуштук учактарына карай ыктымалдуу санкция киргизүү токтому боюнча таштала турган кадамдар тууралуу суроого Калын: «Санкция тилин коркутуу элементине айлантып Түркияга чабуул коюунун эч кимге пайдасы болбойт. Түркия принциптүү турумунан эч качан баш тартпайт»,-деп жооп берди.

F-35тердин Түркияга тапшырылбоо темасын Конгрессте күн тартипке алып чыккандардын,  F-35 эл аралык көп өнөктөштүү долбоор болгонун билиши керектигин баса белгилеген Калын: «F-35 Түркияга берилишине бөгөт болууга карай кадам ташталган учурунда Түркиянын барынан мурда кайрыла турган укук жолу, арбитри бар. Анткени түзүлгөн келишимдер бар. Себеп катары ортого салынган маселе болсо Түркияда уланган сот (террор уюмдары ПКК жана ФЕТӨгө жардам бергени боюнча соттолгон америкалык кечил Брансон) бар. Ошондой эле себеп менен биз дагы АКШда Түркия Республикасынын атуулдарына карай жүргүзүлгөн сот, сот жараяндарын себеп көрсөтүп ошондой эле мамилени кыла алабыз, бирок биз иштин ал деңгээлге барышын каалабайбыз»,-деди.

Бирок ушундай кадам ташталган учурунда да Түркиянын пландарынын даяр болгонун, керектүү жоопту бере турганын белгилеген Ибрахим Калын: «Түркия оңой менен көз жаздымда калтырыла турган өлкө эмес, муну ар ким билиши керек»,-деди.



Тектеш кабарлар