Эрдоган Имран Ханды куттуктады

Эрдоган, Пакистандагы федералдык жана провинциялык шайлоолордон жеңиш менен чыккан Имран Ханды телефон аркылуу куттуктады.

1023579
Эрдоган Имран Ханды куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Пакистандагы федералдык жана провинциялык шайлоолордон жеңиш менен чыккан Имран Ханды телефон аркылуу куттуктады.

Президенттик маалымат булактарынан алынган маалыматка караганда, Эрдоган сүйлөшүүсүндө шайлоодогу жеңишинен улам Пакистандын Адилеттик кыймылынын лидери Имран Ханды куттуктады, Түркия-Пакистан карым-катнаштарын дагы да өнүктүрүүнүн маанисине басым жасады.

Имран Хан да президент Эрдоганга кайдыгер карабай куттуктаганы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Хандын президент Эрдоганга көрсөткөн лидерлик менен бүтүндөй Ислам дүйнөсүнө үлгү болгонун да айтканы белгилүү болду.


Этикеткалар: #Эрдоган , #Имран Хан

Тектеш кабарлар