Эрдоган БРИКС жана Африка сапарына сереп салды

Эрдоган, Твиттер аркылуу БРИКС Саммити жана Түштүк Африка сапары тууралуу маалымат берди.

1021670
Эрдоган БРИКС жана Африка сапарына сереп салды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бразилия-Россия-Индия-Кытай-Түштүк Африкандан турган БРИКСтин 10-Саммитинин глобалдык экономикага жаңы жагдай кошо турганын маалымдады.

Эрдоган, Твиттер аркылуу БРИКС Саммити жана Түштүк Африка сапары тууралуу маалымат берди.

Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектеги жетекчиси катары БРИКСке чакырылганын белгилеген Эрдоган, Түштүк Африкада жемиштүү жолугушууларды өткөргөнүн жазды.

Президент Эрдоган: «Глобалдык экономикага жаңы жагдай кошо турганын ойлогон БРИКСтин 10-Саммитинин бүткүл дүйнөгө пайдалуу болушун тилеймин»,-деп айтты.

Саммиттин алкагында БРИКСке мүчө жана чакырылган өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугушканын эске салган президент Эрдоган, бул жолугушууларда глобалдык маселелер менен катар аймактык, экономикалык жана саясий маселелерди да сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн тапкандарын маалымдады.

Президент Эрдоган жолугушуулары, сүйлөшүүлөрү жана сапары тууралуу фотосүрөттөрдү да бөлүштү.

Эрдоган бөлүшүүсүндө: «Глобалдык экономикалык абалдан Сирия маселесине чейин, Африканын өнүктүрүлүшүнөн Азия жана өнүгүп бара жаткан экономика жана саясий карым-катнаштарга чейин бир топ теманы сүйлөшкөн бардык лидерлерге ырахмат айтамын. Түштүк Африка сапарыбыздын алкагында аймакта жашаган мусулман жана Түркия жараны туугандарыбыз менен да жолуктук. ФЕТӨ (Фетуллахчы террор уюму)  баш болгон мусулмандардын аймактагы маселелерин жана чечүүчү жолдорду алар менен кеңештик.  Сапарыбыздын акыркы күнүндө Түштүк Африкада иш алып барган маанилүү инвесторлор жана ишкерлер менен жолугуп, карым-катнаштарыбыздын бардык тармакта, «win-win» түшүнүгү жана тең өнөктөштүктүн негизинде өнүгүүсү үчүн пикир алмаштык»,-деди.

«Убунту өлкөсү, айырмачылыктар жакшы ынтымакка айланган көк желесиндей өлкө Түштүк Африкага жылуу тосуп алгандыгы үчүн ырахмат айтамын»,деген президент Эрдоган, бөлүшүүсүн түркчө мааниси «Алла таала Африканы колдосун» болгон «Nkosi Sikelel' iAfrika» билдирүүсү менен бүтүрдү.



Тектеш кабарлар