Маданият жана туризм министри Мехмет Эрсой : "Турист санында 30 пайыздык өсүү бар"

Мехмет Эрсой Антальяда туризм тармагында иш алып барган жарандык коом мекемелеринин өкүлдөрү менен жолугушту.

1021113
Маданият жана туризм министри Мехмет Эрсой  : "Турист санында 30 пайыздык өсүү бар"

Маданият жана туризм министри Мехмет Эрсой Түркияга келген турист санынын өскөндүгүн айтты. Антальяда жолугушууларын уланткан Эрсой туризм тармагында иш алып барган жарандык коом мекемелеринин өкүлдөрү менен жолугушту.

Министрлик катары жаңы мезгилде аткара турган саясаттар тууралуу сөз кылган Эрсой алты айлык маалыматтардын сыймыктандыруучу экендигин белгиледи.

Антальянын турист санынын ушул кезге чейин июль айындагы сан менен 7 миллиондон ашкандыгын айткан Эрсой : «Бул жылы 14 миллиондук  максатыбыз бар. Бул максатка жетебиз»,- деди.



Тектеш кабарлар