Эрдоган журналисттердин суроолоруна жооп берди

Президент Эрдоган Африкага аттанаар алдында маалымат берди.

1019233
Эрдоган журналисттердин суроолоруна жооп берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириядагы абал боюнча азырынча кааланган багытка жылыш болбогонун айтты.

Президент Эрдоган БРИКС (Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка) саммити үчүн Түштүк Африкага аттанаар алдында борбор шаар Анкарадагы "Эсенбога" аэропортунда маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Саммиттен улам бул жерге бара турган Орусиянын президенти Путин менен Сирия маселесин да сүйлөшө турганын белгилеген Эрдоган: «Учурда албетте Сириядагы абал боюнча керек Тель Фырат болсун, керек Манбиж болсун кааланган багытта жылыш боло элек. Кааланган багытта жылыш болгон бир гана Африн, Жераблус, Эл Баб бар. Айрым сүйлөшүүлөрдү жана келишимдерди Манбиж менен Тель Рифат темасында да түздүк. Буларды кеңири карап чыгабыз. Идлиб темасы бар, аны да кайра сүйлөшөбүз. Буларда күтүлбөгөн нерселер болушу мүмкүн»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар