Билим берүү министри Нигердик кесиптеши менен жолугушту

Билим берүү министри Зия Селчук Фетуллахчы террордук уюм жана мамлекеттик параллель түзүмү менен күрөшүү процессинде боордош Нигердин көрсөткөн достугунан улам рахмат айтты.

1019415
Билим берүү министри Нигердик кесиптеши менен жолугушту

 Билим берүү министри Зия Селчук Түркия үчүн абдан жооптуу маселе болгон Фетуллахчы террордук уюм жана мамлекеттик параллель түзүмү менен күрөшүү процессинде боордош Нигердин көрсөткөн достугунан улам рахмат айтты.

Министр Селчук Нигер кесиптик жана техникалык билим берүү министри Тиджани Идрисса Абдулкадри менен кызмат орунунда жолугушту.

Нигер менен Түркиянын ортосунда абдан терең тарыхый карым  - катнаштардын бар экендигин белгилеген Селчук эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн дагыда түшүмдүү өтүшү үчүн бири бири менен кеңешип турушарын билдирди.

Эки өлкөнүн ортосунда билим тармагындагы крым – катнаштарды дагы да өнүктүрүү максатында экендерин баса белгилеген Селчук : «Өлкөбүз үчүн абдан олуттуу маселе болгон ФЕТӨ менен күрөшүү процессинде боордош Нигердин көрсөткөн достугунан улам ыраазыбыз. Түркия Маариф фондунун Нигер өкүлчүлүгүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн да таанылышы бизди кубантты. Марриф фондунун Нигердеги иштерине байланыштуу үй ээси өлкө келишими тууралуу март айында билдирилген бир токтом долбоору бар эле. Ал тууралуу да жакшы кабарларды күтүп жатабыз»,- деди.

Министр Абдулкадри болсо Түркияга  келген сайын меймандостук менен кабыл алынгандыгын белгилеп, Түркиянын өлкөлөрүнүн муктаждыктарына жана каалоосуна маани беришине ыраазычылыгын билдирди.

Түркия менен Нигердин ортосундагы өнөктөштүк көрсөткөн абалга көңүлдөрдү бурган Абдулкадри : «Биз Түркия калкынын күрөшүн жана ишке ашырган өнүгүүлөрүн кызыгуу жана көңүл буруу менен иликтеп жатабыз. Эл аралык коом жактан каралганда Түркиянын абдан оңой бир позицияда эмес экендигин көрүп турабыз. Биз Түркияны бул күрөштө колдойбуз»,- деди.



Тектеш кабарлар