Түрк Кызыл Ай коому селден жабыркаган афган үй - бүлөлөргө жардам берди

Кызыл Ай коому  Афганстандын Панжшир аймагында болгон сел апаатынан жабыркаган 227 үй – бүлөгө жардам берди.

1016536
Түрк Кызыл Ай коому селден жабыркаган афган үй  - бүлөлөргө жардам берди

Түрк Кызыл Ай коому  Афганстандын Панжшир аймагында болгон сел апаатынан жабыркаган 227 үй – бүлөгө жардам берди.

Түрк Кызыл Ай коому  Афганстан делегациясынын башчысы Мүжахит Салих Дуран берилген жардамдар тууралуу берген маалыматында Панжшир  Пушгур айылында болгон селден жабыр тарткан үй  - бүлөлөргө тамак  - аш жеткиришкендерин айтты.

Мүжахит  Салих Дуран : «Ушундайча түрк Кызыл Ай коому бей  - бечараларга сунулган кол болот»,- деди. Дуран түрк калкынын жардамдарын муктаж болгон аймактарга жеткирүүгө аракет кылышкандарын белгиледи.

Дос жана боордош Афганстан калкына эч бир бөлүүчүлүк кылбастан жардам берүүгө аракет кылышкандарын билдирген Дуран афган жана түрк калкынын түбөлүк боордош жана досу экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар