Вице - президент Фуат Октай Израилге каршы чыкты
Вице - президент Фуат Октай : «Кудс Палестинанын борбор шаары жана борбор шаар катары калууну улантат».
1016134
Вице - президент Фуат Октай Израиль парламенти бекиткендиги билдирилген «Еврей Улут Мамлекет» мыйзамынын Түркия республикасы тарабынан кабыл алынгыс экендигин белгилеп : «Кудс Палестинанын борбор шаары жана борбор шаар катары калууну улантат»,- деди.
Социалдык бөлүшүү сайты твиттерде маалымат бөлүшкөн вице- президент Октай Израилде бекитилген «Еврей улут мамлекети» мыйзамы тууралуу баа берди.
Октай : «Негизги укук жана эркиндиктерди жок деп санаган Израиль парламенти «Еврей улут мамлекетинин мыйзамы» деген аттын астында дүйнөлүк укук принциптерин тебелеп – тепседи. Мындай мыйзам Түркия республикасы тарабынан кабыл алынбайт. Кудс Палестинанын борбор шаары жана борбор шаар катары да калат»,- деди.