Өзгөчө кырдаал режими бир канча күндүн ичинде аяктайт

Бирок Түркия ФЕТӨ менен катар баардык террордук уюмдарга каршы күрөшүүсүн улантат.

1013922
Өзгөчө кырдаал режими бир канча күндүн ичинде аяктайт

Адилет министри Абдулхамит Гүл, Түркиянын укук платформасы тарабынан уюштурулган «Төңкөрүшкө каршы күрөшүү» боюнча Эл аралык симпозиумга катышты.

Сөз сүйлөөсүндө: «Өзгөчө кырдаал режими бир канча күндүн ичинде аяктайт» деген министр Гүл: «Бирок Өзгөчө кырдаалдын жоюлушу терроризмге каршы күрөшүүнүн аяктай тургандыгы түшүнүгүн жаратбашы керек. Өзгөчө кырдаал аяктайт бирок ФЕТӨ менен катар Түркияны курчоого алгысы келген бардык террордук уюмдарга каршы чечкиндүү жана туруктуу күрөшүү  аягына чейин уланат»,-деди.



Тектеш кабарлар