Чет өлкөлөрдө 15 - Июль күнүн эскерүү иш чаралары өткөрүлдү

2016 – жылы 15 -  июль күнү козголоң кыймылынын экинчи жылында өлкө тышында түрдүү эскерүү иш чаралары өткөрүлдү.

1013203
Чет өлкөлөрдө 15 -  Июль күнүн эскерүү иш чаралары өткөрүлдү

 

Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Бельгия, Орусия, Греция сыяктуу көптөгөн өлкөдө уюштурулган иш чаралар менен шейиттер эскерилди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын борбор шаары Лефкошадагы Шейиттер эстелигиндеги иш чарага Түркиянын Лефкоша элчиси Дерйа Канбай, кээ бир депутаттар, элчилик кызматкерлери менен жарандар катышты.

Брюссель элчилигиндеги иш чарага 15 -  июль ардагери Кадир Йылмаз да катышты. Йылмаз ал түнү болгондорду айтып жатып көз жашын кармай албады.

Брюсселдеги Фатих мечитинде шейиттер үчүн мавлют окутулду. Маду аянтында да 15 -  июль шейиттеринин фотографиялары илинген кызыл  - ак шарлар учурулду.

Германиянын борбор шаары Берлинде да эскерүү иш чарасы өткөрүлдү.

Түркиянын Берлиндеги элчиси Али Кемал Айдын козголоң кыймылын уюштурган Фетуллахчы террордук уюмдун мүчөлөрүнө кучак ачкан Германияга кайрылды. Али Кемал Айдын : «Немис мекемелеринен демократияга жалгандан колдоо эмес ФЕТӨчүлөрдүн соттолушуна колдоо көрсөтүшүн күтүп жатабыз»,- деди.

Келнда болсо желектер менен жүргөн калың топ 251 шейиттин фотографиялары тартылган шарларды учурушту.

Орусиянын борбор шаары Москвада да шейит жана ардагерлер эскерилди. Элчи Хүсейин Дириөз ФЕТӨ менен эл аралык күрөштүн маанисине көңүлдөрдү бурду жана күрөштүн улантылып жаткандыгын айтты.

Сегиз козголоңчуга кучак ачкан Грецияда  да иш чара өткөрүлдү.

Түркиянын Афина элчиси Йашар Халит Чевик  элчиликте өткөрүлгөн иш чарада Грецияга качкан ФЕТӨчүлөрдүн Түркияга тапшырылбагандай эле  грек мамлекеттик кеңешинин да качкын укугун бергендигин эске салды.

Гүмүлжине башкы консулдугундагы эскерүү аземине батыш фракиялыктар да абдан чоң кызыгуу көрсөттү. Түркиянын Гүмүлжине башкы консулу Мурат Өмероглу  козголоң кыймылын «аскер формасын кийген чыккынчылардын» ишке ашыргандыгын баса белгиледи. Андан кийин Гүмүлжинедеги Түрк жаштары биримдиги борборунда 15 -  июль программасы өткөрүлдү.

Босния  - Герцеговинада 15 -  июлдагы дастанды эскерүү иш чараларынын негизинде «Демократия чуркоосу» уюштурулду.

Македониянын борбор шаары Скопияда да азем өткөрүлдү. Түркиянын Скопия элчиси Тулин Эркал Кара аземде сүйлөгөн сөзүндө ФЕТӨ менен күрөштө кызматташтыктын арттырылышы керектигин айтты.

Өзбекстандын борбор шаары Ташкент 15 -  июль расмий көргөзмө жана конференцияларды өткөрдү.

Кабул, Вена жана Индонезия элчиликтеринде да эскерүү аземдери өткөрүлдү.

Иш чараларга чет элдик миссия өкүлдөрү, мекендештер менен басма сөз кызматкерлери катышты.

Ирактын Эрбил шаарында да өткөрүлгөн эскерүү иш чараларынын негизинде 15 -  июль көргөзмөсү ачылып, мавлют окутулуп, дуа кылынды.



Тектеш кабарлар