Эрдогандын бүгүнкү программасы

Президент Эрдоган НАТОнун саммитине катышууда.

1010925
Эрдогандын бүгүнкү программасы

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО саммитинин экинчи күнүндөгү программасы тыгыз өттү.

Президент Эрдоган Брюсселде алгач НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйынынын үчүнчү отурумуна катышып, андан соң Италиянын премьер-министри Жузеппе Контени кабыл алды.

Эрдоган андан кийин Ооганстан отурумуна катышты.

Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Босния-Герцеговинанын Мамлекет башчылык кеңешинин төрагасы Бакир Иззетбегович менен да жолукту.

Президент Эрдоган Франциянын президенти Эмануэль Макрон, Украинанын президенти Петр Порошенко, Болгариянын президенти Радев менен жолугушту.

Бир канча жолугушууларды өткөрө турган Эрдоган түштөн кийин болсо Ооганстандын президенти Ашраф Гани Ахмедзай жана Грециянын премьер-министри Ципрас менен кезикти.

Эрдоган НАТО саммити аяктагандан кийин кечки убактарда өлкөгө кайтып келет.


Этикеткалар: #саммитинин , #отурумуна

Тектеш кабарлар