Эрдоган Меркель менен жолукту
Жолугушуу 40 мүнөткө созулду.
1010809
Президент Режеп Таййип Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Германиянын канцлери Ангела Меркель менен бетме-бет жолукту.
Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги саммиттен улам эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн Эрдогандын Меркель менен жолугушуусу орто эсеп менен 40 мүнөткө созулду.
Немис канцлер Эрдоганды 24-июндагы шайлоодогу жеңишинен улам куттуктады.
Жолугушууда тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, улуттук коргоо министри Хулиси Акар менен Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын да болду.