Президент Р. Т. Эрдоган Азербайжанда

Эрдоган Бакудагы жолугушууларынан кийин Түндүк Кипр Түрк Республикасына барат.

1009320
Президент Р. Т. Эрдоган Азербайжанда

Президент Р. Т. Эрдоган кайрадан президент болуп шайлангандан кийин биринчи өлкө тышы сапарын Азербайжанга жасап жатат.

Р. Т. Эрдоган борбор шаар Бакудагы Загулба сарайында кесиптеши Илхам Алиев тарабынан расмий азем менен тосулуп алынды. Андан кийин Эрдоган менен Алиев жекеме  - жеке сүйлөшүүгө өттү. Эки лидер жекеме – жеке сүйлөшкөндөн кийин делегациялар аралык жыйынга катышат.

Президент Эрдоган Алиев менен жолугушкандан мурда Азербайжандын маркум президенти Гейдер Алиевдин кабырын менен түрк жана Азербайжан шейиттиктерине барды. Гейдер Алиевдин мазарына гүл койгон Эрдоган андан кийин Гейдер Алиевдин жубайы Зарифе Алиеванын мазарына гүл койду.

Президент Эрдоган 20 -  январь шейиттери орун алган Баку шейиттер Хыябанында да түбөлүк отко гүл чамбар койду. Баку түрк шейиттигине да барган Эрдоган бул жердеги эстеликке гүл чамбар, шейит мазарына болсо гвоздика таштады. Эрдоган дептерге буларды жазды : «Ыйык шейиттерибиз,  тарыхый 24 -  июндагы шайлоодон кийин президенттик өкмөт системасынын 1 -  президенти катары алдыңыздарда болуудан кубанычтуумун.  Сиздерден алган күч менен ушул күнгө чейин болгондой мындан кийин да Түркия  - Азербайжан карым  - катнаштарынын бардык тармакта өсүшү үчүн күрөшүүнү улантабыз. Тынч жатыңыздар».

Эрдоган Бакудагы жолугушууларынан кийин Түндүк Кипр Түрк Республикасына барат.

 

 



Тектеш кабарлар