Текирдаг шаарында жүргүнчү ташыган поезд кырсыкка учурады

Поезд кырсыгынан 24 киши каза тапты.

1008976
Текирдаг шаарында жүргүнчү ташыган поезд кырсыкка учурады

Текирдагдын Чорлу районуна жакын жердеги поезд кырсыгында 24 киши каза болду.

Саламаттык сактоо министри Ахмет Демиржан кырсыктан кийин 124 жүргүнчүнүн дарыланып жатканын, 194 жүргүнчүнүн болсо жеңил жараат алгандыктан дарыланып чыкканын билдирди.

Транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арслан да, поезд жолундагы керектүү текшерүүлөрдүн апрель айында ишке ашканын билдирди.

Кечээ дагы 7 поезддин ушул эле жолду колдонгонун белгилеген Арслан, андан соң катуу жамгырдын себебинен кырсык болгон жердеги өткөөлдүн зыян тартканын айтты.

Териштирүүнүн алкагында 2 машинист да сурак берүүлөрү үчүн прокуратурага чакырылды.



Тектеш кабарлар