Түркия Израилди айыптады

Түркия Израилдин басып алган Палестина жерлеринде Ебу Неввар (Abu Nuwwar) бедуин коомуна таандык үйлөрдү кулатышын катуу айыптады.

1006760
Түркия Израилди айыптады

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : Израилдин басып алган Палестина жерлеринде Ебу Неввар бедуин коомуна таандык үйлөрдү кулатышын жана Хан ел  - Ахмар бедуин аймагында үйлөрдү кулатуу иштерин башташын катуу айыптайбыз»,- деп билдирилди.

Маалыматта булар белгиленди : «Израиль тарабынан жүргүзүлүп жаткан бул кыймылдар бириккен жана көз карандысыз Палестина мамлекети перспективасын коркунучка салып жатат. Израиль аймакта араздашууну арттырган жана эки мамлекеттүү чечүүчү жол көз карашын бузган мыйзам тышы кыймылдарын эртерээк токтотушу керек».

Чыгыш Кудстагы бөлүүчү дубалдын Батыш Шериа тарабында калган бөлүгүндөгү Хан ел  - Ахмер жана Ебу Неввар бедуин коомдоруна кеткен жолдорду жапкан Израиль аскерлери Ебу Неввардагы 40 үй жана короону кулаткан.

Кулатуу топторуна карышы чыккан палестиналыктарга карата кийлигишкен Израиль аскерлери бир топ кишини жаралап, бир канча кишини да камоого алган.



Тектеш кабарлар