Эрдогандын ант берүү аземине 17 өлкөнүн мамлекет башчылары катышат

Президент Эрдоган 9-июлда ант берет.

1007016
Эрдогандын ант берүү аземине 17 өлкөнүн мамлекет башчылары катышат

24-июндагы шайлоодо 52 пайыздан көп добуш алып кайрадан президент болуп шайланган Режеп Таййип Эрдогандын 9-июлда өтө турган ант берүү аземине 17 өлкөнүн мамлекет башчылары катышат.

Венесуэла, Казакстан, Македония, Гвинея, Сомали, Замбия, Босния-Герцеговина, Болгария, Грузия, Македония, Пакистан, Кыргызстан, Украинанын президенттери же мамлекет башчылары катыша турган аземде көп сандаган өлкөдөн парламенттин төрагасы жана өкмөт башчылары да болот.

Президент Эрдоган аземден кийин коноктордун урматына кечки сый тамак берет.

Президенттик система, Эрдогандын ант бериши менен расмий башталган болот.  



Тектеш кабарлар