100 саламаттык сактоо министри Түркияга келет

Саламаттык сактоо министрлеринин саммити Антальяда өтөт.

1007165
100 саламаттык сактоо министри Түркияга келет

Орто эсеп менен 100 өлкөнүн саламаттык сактоо министрлери, биринчи жолу Түркияда өтө турган «Саламаттык сактоо министрлеринин саммитинде» чогуу болушат.

Министрлер орган трансплантациясында жол картасын белгилешет жана «Орган трансплантациясына байланыштуу кылмыштарга каршы күрөшүүдө Дүйнөлүк саламаттык сактоо дипломатиясы» аттуу декларацияга кол коюшат.

Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында жана Түркия орган трансплантациясы фондунун координациясында, 18-19-октябрда Антальянын Кемер районунда өткөрүлө турган саммитке, Африкадан Европага Латын Америкадан Азияга чейин ар башка материктерден саламаттык сактоо министрлери катышышат.

Саммитте Эл аралык орган трансплантациясы түйүнүнүн (ITN) алкагында жүргүзүлгөн иш-чараларга катышкан Сенегал, Нигерия, Кения, Эфиопия, Египет, Малайзия, Индия, Пакистан, Марокко, Тунис жана Алжир да арасында болгон 76 өлкө менен катар баш калкалоочуларды кабыл алган Европа өлкөлөрүнүн министрлери болот.

Саламаттык сактоо министрлиги жана Эл аралык орган көчүрүү түйүнү (ITN) да аты аталган кызматташуунун улантылышында негизги ролду ойношот.



Тектеш кабарлар