Өзбекстан менен Түркиянын ортосунда кылмышкерлерди тапшыруу келишими бекитилди

Келишим эки өлкөдөгү укуктук процедуралардын аякташынан кийин  ишке кирет.

1006312
Өзбекстан менен Түркиянын ортосунда кылмышкерлерди тапшыруу келишими бекитилди

 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Түркия менен Өзбекстандын ортосунда кол коюлган кылмышкерлерди тапшыруу келишимин бекитти.

Президент Мирзиеев президент Р. Т. Эрдогандын 30 -  апрелдеги сапарында эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган «Кылмышкерлерди тапшыруу келишиминин» бекитилишине байланыштуу мыйзамга кол койду.

Эки өлкөнүн ортосунда кылмыштар менен күрөшүүдөгү кызматташтыктын арттырылышын күткөн келишим, бири бирине кылмышкерлерди тапшыруу, изделгендердин камалышынын ылдаматылышы, мекемелер арасында байланыш куруу сыяктуу темаларды камтууда.

Келишим эки өлкөдөгү укуктук процедуралардын аякташынан кийин  ишке кирет.



Тектеш кабарлар