Президент Эрдоганга карата куттуктоолор келүүсүн улантууда
Словениянын президенти Борут Пахор Президент Эрдоганды 24 - июндагы шайлоодогу жеңишинен улам куттуктады.
1004447
Словениянын президенти Борут Пахор Президент Эрдоганды 24 - июнда болгон шайлоодогу жеңишинен улам телефон чалып куттуктады.
Президенттик булактардан алынган маалыматка караганда Пахор Президент Эрдоганга телефон чалып 24 - июнда болгон шайлоодогу жеңишинен улам куттуктады.
Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым - катнаштарды дагы да өнүктүрүү тууралуу чечкиндүүлүктүн такталгандыгы белгиленди.
Президент Эрдоган Ирактагы Саирун союздаштыгынын лидери Муктеда Ес - Садр жана Ирак күрт аймактык өкмөтүнүн премьер - министри Нечирван Барзани менен да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Ес - Садр менен Барзани Президент Эрдоганды 24 - июндагы шайлоодогу ийгилигинен улам куттукташты.