Газалык үй - бүлө жаңы төрөлгөн баласына Президент Эрдогандын атын койду
Газанын түштүгүндөгү Ел - Мевасы аймагында жашаган Зараб Президент Эрдогандын Палестина калкына болгон мамилесинен улам ыраазычылык билдирди.
Газа тилкесинде жашаган палестиналык бир үй - бүлө Президент Р. Т. Эрдогандын шайлоодогу ийгилигин куттуктоо үчүн жаңы төрөлгөн уул баласына «Режеп Эрдоган» деген ат койду.
Газанын түштүгүндөгү Ел - Мевасы аймагында жашаган ата Зараб Президент Эрдогандын Палестина калкына болгон мамилесинен улам ыраазычылык билдирди.
Түркиядагы шайлоонун жыйынтыктарынын бир гана өзү үчүн эмес бардык Палестина калкын кубанткандыгын белгилеген Зараб : «Эрдогандын шайлоодогу жеңиши шаршемби күнү төрөлгөн уулума анын атын тактап айтканда «Режеп Эрдоган» атын берүү менен куттуктаймын»,- деди.
Баскынчы күчтөрдүн кылган кылмыштары жана палестиналыктардын Газа чек арасында өлтүрүлүшүнө арап жана мусулман лидерлер үнсүз калып, Эрдогандын жалгыз өзү кыймыл кылгандыгын айткан Зараб : «Палестина калкынын жана доосунун жанында орун алган, Израилдин Газага жасаган блокадасын кабыл албаган Президент Эрдоганды жакшы көрөбүз»,- деди.