Сириянын Африн аймагында жашоо калыбына келди

Афринге 16 өлкөдөн 32 медиа мекемесинин өкүлдөрү алып барылганын айткан Аксой,  50 чакты журналист менен Өнжүпынар чек ара капкасында жолуккандарын белгилеп өттү.

1004129
Сириянын Африн аймагында жашоо калыбына келди

Түркия, Сириянын Африн аймагында жашоо калыбына келгенин айтты.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Тышкы иштер министрлиги, Премьер-министрликке караштуу Басма сөз, берүү,маалымат башкы директорлугу жана Башкы штаб төрагалыгынын биргелешип уюштурган, чет өлкөлүк журналисттерди Афринге алып баруу программасы жүрүп жатканда ТРТ-Хабер калынынын түз эфирине катышты.

Афринге 16 өлкөдөн 32 медиа мекемесинин өкүлдөрү алып барылганын айткан Аксой,  50 чакты журналист менен Өнжүпынар чек ара капкасында жолуккандарын белгилеп өттү.

Түркияга каршы Африн темасында түшүнүк операциясы жаратылганына көңүл бурган Аксой: «Бүгүн сиз да бул жердесиз, көрүп жатасыз. Жашоо калыбына келди. Аялдар балдары менен соода кылып жүрүшөт. Жандуу турмушту көрүүдөбүз. Бул жерде кыйратылган, уратылган Афринди көргөн жокпуз»,-деп айтты.

Жергиликтүү элдин ээ болушунун абдан маанилүү экенин айткан Аксой: «Билсесиздер мындан бир канча убакыт мурда африндиктер, өз мериясынын кеңешин түзүштү. Мунун арасында күрттөр, түркмөндөр, арабдар бар. Коопсуздук түзүлүштөрү акырындык менен аларга өткөрүлүүдө. Түркиянын бул жерде бир топко турушу абдан маанилүү албетте. Коопсуздук күчтөрүнүн машыгуусу жана жабдылышы тууралуу иштер уланууда»,-деп айтты.

Аксой, 140 миңден ашуун африндиктин Афринге кайтканын, өз үйлөрүнө жайгашып жаткандарын маалымдап, бул болсо калыбына келүүнүн эң так белгиси экенин айтты.

Афринде иштер уланып жатканын баса белгилеген Аксой: «Болгон күчүбүз менен бул жерди өнүктүрүүгө аракет кылуудабыз. Тышкы иштер министрлиги катары чет элдик журналисттерди бул жерге алып келүүбүздүн максаты да чыныгы абалды өз көздөрү менен көрүүлөрүн камсыздоо эле. Тыштан карап туруп кандайдыр бир көз карашка ээ болуу оңой. Бирок Түркиянын бул жерде эмне кылып жатканын ө көздөрү менен көрүүсүн кааладык. Террорду тазаладык жана Афринди африндиктерге калтырып жатабыз»,деген маалыматты берди.



Тектеш кабарлар