Анкарада Британия элчилигинде Экинчи Елизабеттин туулган күнү белгиленди
Майрамга вице - премьер - министр Мехмет шимшек катышты.
Британиянын ханышасы Экинчи Елизабеттин 92 жашы Британиянын Анкарадагы элчилигинин расмий турак жайында белгиленди.
Майрамга вице - премьер - министр Мехмет Шимшек да катышты. Мехмет Шимшек сөз сүйлөп, эки өлкөнүн 500 жыл мурункуга таянган терең карым - катнашынын бар экендигин баса белгиледи. Мехмет Шимшек өзгөчө : «Британиянын Түркияда ийгиликсиз болгон Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨнүн 2016 - жыл 15 - июлдагы козголоң кыймылынан кийин көрсөткөн тилектештигин эч качан унутпайбыз»,- деди. Мехмет Шимшек НАТОго мүчө эки өлкө катары ашыкчылык менен күрөшүү, террор жана Жакынкы Чыгышта улантууга боло турган тынчтыктын түзүлүшү үчүн Британия менен бирдикте иштешкендерин белгиледи.
Британиянын Анкарадагы элчиси Доминик Чилкотт болсо сөзүндө 24 - июндагы президенттик жана парламенттик шайлоодо жеңиш менен чыккан Президент Р. Т. Эрдоганды куттуктады. Экинчи Елизабеттин туулган күнү үчүн өткөрүлгөн аземге Шимшек менен бирге көп сандаган чет элдик миссия шефи да катышты.