Чет элдик туристтер Түркияда эс алуу үчүн чакыруу салышты

Дидим облусу жыл сайын жүз миңдеген жергиликтүү жана чет элдик туристти тосуп алууда.

998136
Чет элдик туристтер Түркияда эс алуу үчүн чакыруу салышты

 Эс алуусун Эгей аймагынын негизги туристтик борборлорунан Айдын облусунун Дидим районунда өткөргөн туристтер Түркиянын табияты, деңизи жана адамдары менен мыкты өлкө экендигин белгилеп : «Эч ойлонбостон Түркияга эс алууга келгиле»,- деген чакыруу салышты.

Табияты, маданий байлыгы менен дүйнөгө белгилүү 1606 метр узундуктагы «Алтын кум» пляжы менен көңүлдөрдү бурган Дидим облусу жыл сайын жүз миңдеген жергиликтүү жана чет элдик туристти тосуп алууда.

Дидимге келгендер Милет байыркы шаары менен тарыхый Аполлон храмын көрбөстөн кетишпейт.

Британиядан келген туристтер бул жерде үй алып жашагандыктан эл арасында «Кичинекей Британия» деп аталган Дидимге жайкы сезондо бир күндүк саякат менен 500 миңге жакын киши келет.

Баары ичинде болгон же бутик мейманканаларда калган чет элдик туристтер райондун табияты, деңизи жана түрк инсанынын меймандостугунан улам мыкты эс алышууда.



Тектеш кабарлар