Түркия гуманитардык жардам боюнча биринчи орунда турат

Түркия өткөн жылы эң көп жардам көрсөткөн өлкө болду.

996631
Түркия гуманитардык жардам боюнча биринчи орунда турат

Дүйнөдө жыл сайын берилген гуманитардык жардамдардын картасын түзгөн Англиядагы Өнүгүү демилгеси уюмунун гуманитардык жардам боюнча 2018-жылдагы отчетуна караганда, Түркия өткөн жылкы 8,07 миллиард долларлык жардамы менен «эң көп жардам көрсөткөн өлкө» болду.

Тизмеде Түркиядан кийин 6,68 миллиард доллар менен АКШ, 2,99 миллиард доллар менен Германия жана 2,52 миллиард доллар менен Англия турса, Европа Биримдигинин мекемелери 2,24 миллиард доллар менен төртүнчү орунду ээледи.

Түркия гуманитардык жардамдардын улуттук кирешеге катышы боюнча тизмеде да 0,85 пайыз менен биринчи болсо, андан кийинки Норвегия менен Люксембург үчүн бул катыш 0,17 пайыз бойдон калды.

АКШ болсо бул тизмеде 0,04 пайыз менен 19-орунда турат.

Түркия 2013, 2014, 2015-жылдагы Гуманитардык жардам отчетуна караганда да үч жыл удаама-удаа эң көп жардам көрсөткөн үчүнчү, акыркы эки жылда болсо экинчи өлкө болгон эле.



Тектеш кабарлар