Президенттиктин катчысы шайлоо тууралуу ойлордун туура эмес экендигин айтты

Ибрахим Калын эрте болуучу шайлоо чечимин оппоцизиция менен шайкештик ичинде чыгарышкандарын айтты.

996707
Президенттиктин катчысы шайлоо тууралуу ойлордун туура эмес экендигин айтты

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын чет элдик медиада чыккан экономикалык негиздер менен эрте шайлоо чечиминин чыгарылгандыгы тууралуу ойлордун туура эмес экендигин, чечимдин оппозиция менен чыгарылгандыгын белгиледи.

Ибрахим Калын Түркия теле көрсөтүү жана радио мекемесинин англис тилиндеги теле көрсөтүү каналы  TRT Worldго маалымат берди.

Ибрахим Калын эл аралык аренада мөөнөтүнөн эрте болуучу шайлоо чечиминин экономикалык негиздер менен чыгарылгандыгы тууралуу айтылгандарга жооп берди.

Кээ бир чөйрөлөрдүн экономика тууралуу тескери түшүнүк жаратууга аракет кылгандыгын баса белгилеген Калын Түркиянын өсүү сандарына көңүлдөрдү бурду. Калын : «Сандар ортодо. Өткөн жылы Түркия 7, 4 пайыздык өсүү катнашына жетишти. Бул жылы да биринчи чейректе  максатыбызга жеттик. Бул да түрк экономикасынын туура жолдо экендигин көрсөтүүдө. Өлкө экономикасы дагы көп тышкы булактардын  таасири менен кээ кээде толкунданып жатат. Бирок Түркия күчтүү экономикасы менен  аз таасирленди»,- деди.

Мөөнөтүнөн эрте болуучу шайлоо чечимин оппоцизиция менен шайкештик ичинде чыгарышкандарын баса белгилеген Калын : «Мөөнөтүнөн эрте болуучу шайлоо чечими бизден эмес, бир оппозиция партиясынан келди. Башка оппозиция партиясы да бул чечимге колдоо көрсөттү жана ушундайча мөөнөтүнөн эрте болуучу шайлоо чечимин чыгардык. Каалабаганда мындай чечим четке кагылмак. 2019 -  жылы ноябрь айын каалайбыз дешмек»,- деди.



Тектеш кабарлар