ПКК жана башка эч бир куралдуу уюмдун Түркияга кол салуусуна уруксат бербейбиз
Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибади, борбор шаар Багдадда өткөргөн маалымат жыйынында буларга токтолду.
996470
Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибади, жикчил террор уюму ПКК жана башка эч бир куралдуу уюмдун Түркияга кол салуусуна уруксат бербей тургандарын айтты.
Хайдар аль-Ибади, борбор шаар Багдадда өткөргөн маалымат жыйынында Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Кандилдеги жикчил террор уюму ПККга карай операциясы тууралуу суроого жооп берди.
Ибади, ПКК жана башка эч бир куралдуу уюмдун Түркияга кол салуусуна уруксат бербей тургандарын жана Ирактын коопсуздук күчтөрүнөн тышкары түзүлүштөрдүн өлкөдө уюмдашууларына конституциялык жактан уруксат бербей тургандарын айтты.