Чет өлкөдөгү добуштар Түркияга алынып келди

Добуштар 24-июнда Түркия убактысы боюнча саат 17.00де добуш берүү иштери аяктагандан кийин санала баштайт.

996588
Чет өлкөдөгү добуштар Түркияга алынып келди
yurt disi oylar1.jpg

Түркияда 24-июнда боло турган Президенттик жана 27-чакырылыштагы парламенттик шайлоолор үчүн чет өлкөдө 7-июнда башталган добуш берүү жараяны аяктагандан кийин шайлоочулардын добуштары Түрк аба жолдоруна таандык учактар менен баш калаа Анкарага алып келинди.

Эсенбога аэропортунда жооптуу кызматкерлер тарабынан өткөрүлүп алынган добуштар, андан соң полиция кызматкерлеринин коштоосунда жүк ташуучу унаалар менен Анкаранын Соода палатасынын Конгресс борборуна алып барылып атайын кампаларга жайгаштырылды.

Добуштарды тосуп алууда саясий партиялардын өкүлдөрү да болду.

Добуштар Түркиянын жалпысындагы добуш берүү жараяны аяктаганга дейре сакталып, 24-июнда Түркия убактысы боюнча саат 17.00де добуш берүү иштери аяктагандан кийин санала баштайт.

Чет өлкөдө 3 миллион 47 миң 323 шайлоочу үчүн 60 өлкө, 123 өкүлчүлүктө үкөктөр орнотулган болчу.

Шайлоочулардан 1 миллион 486 миң 408и, 24-июнда боло турган президенттик жана парламенттик шайлоолор үчүн добуш беришти.


Этикеткалар: #Анкарага , #Добуштарды

Тектеш кабарлар