Сиирт менен Шырнакта эки аскер шейит болуп төрт аскер жараланды

Коопсуздук үчтөрү террористтердин кармалышы үчүн аймакта операция баштатты.

994897
Сиирт менен Шырнакта эки аскер шейит болуп төрт аскер жараланды

Эки аскер шейит болуп төрт аскер жараланды

Шырнак жана Сииртте ПКК жикчил террордук уюмдун террористтери тарабынан жолго жайгаштырылган бомбанын жардырылышы менен эки аскер шейит болуп, төрт аскер жараланды.

Сиирт облусунун Эрух районунда  ПКК террористтери жолго жайгаштырган бомбанын жардырылышы менен бир аскер шейит болду. Кол салууда эки аскер да жараланды.

Шырнакта болсо жикчил террордук уюм ПКК террористтеринин кол салуусу менен бир аскер шейит болду.

Шырнактын Акчай 6 -  моторлуу жөө аскер полку командирлигине караштуу аскерлер Габар тоосуна жакын жерлерде жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда террористтер тарабынан мурунтадан жолго жайгаштырылган бомба жардырылды. Кол салууда эки аскер да жараланды.

Жаралуу аскерлер тик учар менен Шырнак мамлекеттик ооруканасына алып барылды. Коопсуздук күчтөрү аймакта террористтерди кармоо үчүн операция баштады.

 



Тектеш кабарлар