Премьер - министр АКШга каршылык көрсөттү

Премьер  - министр Бинали Йылдырым АКШнын Түркияга курал сатышын токтотуу кадамынын стратегиялык өнөктөштүк рухуна тескери экендигин айтты.

995378
Премьер  - министр АКШга каршылык көрсөттү

Премьер  - министр Бинали Йылдырым АКШнын Түркияга курал сатышын токтотуу кадамынын стратегиялык өнөктөштүк рухуна тескери экендигин айтты.

АКШ сенаты коргоо министрлигине (Пентагон) 2019 – финансылык жылы үчүн 716 миллиард долларлык бюджеттин бөлүнүшүн күткөн мыйзам долбоорун онго каршы сексен беш добуш менен кабыл алды.

Долбоордун Түркия тууралуу бөлүмүндө болсо «Анкаранын Орусиядан  S-400 абадан коргонуу системаларын алышынын эки өлкөнүн ортосундагы абалды күчөткөндүгү» жана «2016 – жыл 15 -  июлдагы Фетуллахчы террордук уюмдун козголоң кыймылында уюм менен байланышынын бар экендиги аныкталган америкалык кечил Эндрю Броунсондун эркин койо берилиши керектиги» айтылды.

Долбоордо Түркиянын Орусиядан  S-400дөрдү алышынын АКШ менен Түркиянын ортосундагы орток курал системаларын өнүктүрүүгө тескери таасир берери ортого салынды жана бул кадамдын НАТОдогу  бирге иштөөгө таасир бере алары белгиленди.

Долбоорду  ушул негиздерден улам Ф  -35 аскердик учагы, патриот абадан коргоо системалары, Chinook моделиндеги оор жүк ташуучу тик учары, AH-1 моделиндеги «Кобра», H-60 Black Hawk моделиндеги тик учарлар менен Ф -16 учактарын Түркияга сатууга бөгөт коюу керектигин күткөн бир бөлүм да орун алды.

АКШнын чечимине баа берген премьер  - министр Бинали Йылдырым : «Түркия альтернативсиз эмес. Өз чарабызды көрүп жатабыз. Коргонуу өнөр жайында улуттук жана жергиликтүүлүктү ылдамдаттык. Эмбарго  коргонууда кемчиликкке себеп болбойт. Стратегиялык , союздаштык рухуна тескери»,- деди.  

 



Тектеш кабарлар