Түркия, Ооганстандагы ок атпоону колдойт

Түркия, Ооганстанда Өкмөт менен Талибан уюмунун ортосунда эки жактуу түрдө жарыя кылынган ок атпоого баш ийилишинин ыраазычылык менен байкалганын билдирди.

994229
Түркия, Ооганстандагы ок атпоону колдойт

Түркия, Ооганстанда Өкмөт менен Талибан уюмунун ортосунда эки жактуу түрдө жарыя кылынган ок атпоого баш ийилишинин ыраазычылык менен байкалганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Ооганстанда өкмөт менен Талибан тарабынан Рамазан айт майрамы убагында эки жактуу түрдө жарыяланган ок атышпоого баш ийилгенин ыраазы болуп байкоодобуз. Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин аты аталган ок атпоонун ооган өкмөтү тарабынан бир жактуу түрдө узартылганын жарыялоосун колдоодобуз»,делди.

Жарыяда айрыкча буларга орун берилди: «Ооган өкмөтүнүн таштаган бул кадамына Талибандын да оң жооп бергенин көрдүк жана  Ооганстанда тынчтык жана макулдашуунун туруктуу түрдө калышын каалайбыз. Түркия, дос жана тууган Ооганстанга тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулук алып келүүгө карай аракеттерди колдоосун улантат».



Тектеш кабарлар