Түркия Нигериядагы кол салууну катуу айыптады

Түркия, Нигериянын түштүк-чыгышындагы Борно провинциясында кечээки Рамазан айт майрамын майрамдоолорду бутага алган бомбалуу кол салууну айыптады.

994065
Түркия Нигериядагы кол салууну катуу айыптады

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Нигериянын түштүк-чыгышындагы Борно провинциясынын Дамбоа аймагында болгон жана Рамазан айт майрамын майрамдоолорду бутага алган бомбалуу кол салууда бир топ киши каза болушуна жана жараланышына капа болгону билдирилди.

Анда, «Бул мыкаачылык кол салууну айыптайбыз, кол салууда каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун, жаралуулардын тез сакайып кетишин тилейбиз. Нигерия калкына жана өкмөтүнө кайрат айтабыз»,делди.

Кол салууда 20 киши көз жумганы, 48 киши жаракат алганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар