Кандилге карата аба операциясы
Кандилде жүргүзүлгөн аба операциясында 26 террористтин жок кылынгандыгы билдирилди.
992825
Түрк куралдуу күчтөрү 12 - июнда Кандилде жүргүзүлгөн аба операциясында 26 террористтин жок кылынгандыгын жарыялады.
Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта террордук операциялар тууралуу маалымат билдирилди.
Маалыматта 2018 - жылы 12 - июнь күнү Кандилге карата ишке ашырылган аба операциясында араларында жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын жооптууларынан бирөөсү да болгон 26 террористтин жок кылынгандыгы баса белгиленди.
Кечээ Хаккаринин Чукуржа аймагына карата жүргүзүлгөн операцияда болсо база аймактарына кол салуу үчүн даярдангандыгы аныкталган куралдуу 2 террорист жок кылынды.
Бир тараптан 13 - июнда Тунжели аймагында жок кылынган террористтердин бирөөсүнүн террор тизмесинде орун алган Эртан Эрол экендиги аныкталды.