Түркия Трамп менен Ким жарыялаган Биргелешкен декларациясын колдоду

Биргелешкен декларация менен Корея жарым аралында туруктуу тынчтыктын орнотулушу темасында жетишилген макулдашууну Түркия ыраазычылык менен кабыл алды.

991597
Түркия Трамп менен Ким жарыялаган Биргелешкен декларациясын колдоду

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) лидерлери жарыялаган Биргелешкен декларация менен Корея жарым аралында туруктуу тынчтыктын орнотулушу темасында жетишилген макулдашууну Түркия ыраазычылык менен кабыл алды.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин АКШнын президенти Дональд Трамп жана КЭДРдин лидери Ким Чен Ындын Сингапурдагы жолугушуулары тууралуу жазуу түрүндөгү жарыясында, АКШ жана КЭДРдин лидерлеринин бүгүн Сингапурда жарыялашкан Биргелешкен декларациясы менен Корея жарым аралында туруктуу тынчтыктын орнотулушу, АКШ менен КЭДРдин ортосунда жаңы карым-катнаштардын түзүлүүсү жана жарым аралдын ядролук куралдардан тазаланышы темаларында жетишилген меморандумдун ыраазычылык менен кабыл алынганына басым жасалды.

Жылдын башынан бери уланган Корея Жарым аралы тууралуу дипломатия процессинде бурулуш жер мүнөзүндөгү Сингапур Саммитинде чыгарылган чечимдин жана ортого салынган убадалардын оң кабыл алынганы белгиленген жарыяда, «Апрель айында Түштүк жана Түндүк Кореянын лидерлеринин кеңири тынчтык темасында камсыздашкан макулдашууну улай эле бул ирет АКШ жана КЭДРдин лидерлеринин көрсөткөн саясий эрктен турган тарыхый мүмкүнчүлүктүн, таштала турган оң кадамдар менен улантылышы аймак жана дүйнөлүк тынчтык жагынан мааниге ээ. Түркия, тарыхый байланыштарга ээ болгон Корея жарым аралында ырааттуулук жана тынчтыктын орнотулушун максаттаган аракеттерди колдоосун уланатат»,делди.



Тектеш кабарлар