Премьер - министр Бинали Йылдырым Кандил операциясына баа берди
Бир телекөрсөтүү каналында берилген суроолорго жооп берген премьер - министр Бинали Йылдырым террор менен күрөшүү тууралуу баа берди.
990863
Премьер - министр Бинали Йылдырым Ирактын түндүгүндөгү Кандил аймагында уя салган ПКК жикчил террордук уюумуна карата операциянын чечкиндүүлүк менен улантыларын айтты.
Бир телекөрсөтүү каналында берилген суроолорго жооп берген премьер - министр Бинали Йылдырым террор менен күрөшүү тууралуу баа берди.
Түркиянын башкалардын жерине көз салбагандыгын баса белгилеген Йылдырым : «Максатыбыз чек араларыбыздын тышында өлкөбүзгө кол салган, кишилерибизди коркуткан террордук уюмду жок кылуу»,- деди. Бинали Йылдырым : «Азыркы учурда жакынкы коркунуч Түндүк Ирак чек арасында. Бирок Евфрат дарыясынын чыгышында ушул эле коркутуу ортого чыга турган болсо бардык чараларды көрүү укугубуз сакталуу»,- деди.