Кандил аймагындагы жикчил террор уюму ПККга карай операция башталды, кезек Синжарга да келет

Президент Режеп Таййип Эрдоган,жеке менчик бир телеканалда күн тартип тууралуу маалымат берди.

990892
Кандил аймагындагы жикчил террор уюму ПККга карай операция башталды, кезек Синжарга да келет

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ирактын Кандил аймагында уя салган жикчил террор уюму ПККга карай операцияны баштаткандарын кезек Синжарга да келе турганын айтты.

Эрдоган, жеке менчик бир телеканалда күн тартип тууралуу маалымат берди.

Түрк аба күчтөрүнүн 20 учак менен ПККга таандык буталарды аткандарын белгилеген Эрдоган: «Булар катардагы буталар эмес. Ошондой эле түрдө Кандилге окшогон жер Синжар болуп саналат»,-деди жана капыстан Синжарга да террорду тазалоо операциясын баштата ала тургандарын айтты.

Эрдоган, террор операциясы темасында Иран менен сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү уланып жатканын айтты.

Сириянын Африн аймагында ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка карай жүргүзүлгөн операциянын уланганын баса белгилеген Эрдоган: «Учурда Афринде 4600дөн ашуун террорист жок кылынды. Элибизди санаага салган канча террорист бар болсо, акыркы террористти жок кылганга дейре биз бул ишти таштабайбыз»,-деди.

АКШнын Манбиж темасында террористтерге берген куралдарды кайра чогулта турганы жана ПЙД-ЙПГга мүчө террористтерди аймактан чыгара турганы жөнүндөгү маалымдоолоруна баа берген Эрдоган: «АКШлык жооптуу кызматкерлердин канчалык чынчыл экенин биле албаймын»,-деп айтты.

Эрдоган, «Мындан мурда да айтышты. Муну эми көрөбүз. Мөөнөттөр берилди. Бул мөөнөттөрдүн ичинде чындап эле Евфрат дарыясынын чыгышына бул террористтер айдалса, чынчылдыктарын түшүнөбүз. Анткени Манбижде 90-95 пайыз араб бар. ПЙД-ЙПГ бул жерден чыгарылгандан кийин Араб калкы өз жерлерине кайтат. Бул жерде айрым жолугушууларды, биргелеше таштала турган кадамдарды да белгилейбиз. Учурда ошол иштер дагы уланып жатат»,-деп айты.

Түркиянын Орусиядан ала турган С-400 абадан коргонуу системаларынан АКШнын тынчсызданып Түркияга F-35 согуштук учактарынын тапшырылышы боюнча бир канча маселелерди жарата турганы жөнүндөгү айтымдарга да сереп салган Эрдоган: «F-35 темасында берген убадалары бар. Анткени биз 800 миллион доллар төлөдүк. Бул биздин келишимибиздин талабы болгон төлөм. Бизге туруп алып бир жолу бул жерде жаңылыштык кылышса, дүйнөдө эл аралык укук бар. Бул укуктун талабы эмне болсо, бул укуктун талабын ишке ашырабыз. Биз С-400дөрдү алып кампаларга койбойбуз. Биз С-400дөрдү убагы келгенде колдонобуз»,-деди.

Булар коргонуу системалары болуп саналат. Биз бул коргонуу системаларын колдонбосок эмне кылабыз? Биз кайра АКШнын көзүн карайбызбы? Көп жылдар бою сураганыбызда бизге жалаң бул жооп берилди; «Конгресс уруксат бербей жатат». Биз эми тажадык. Эми болсо Орусия биздин сунушубузга абдан ылайыктуу сунуш менен жооп берди. Биргелешип өндүрүүгө да кире алабыз деди. Насыя жагынан да абдан ылайыктуу насыя шарттарын бизге берди. Биз учурда бул процессти ушундай түрдө иштетүүдөбүз»,-деп маалымдады.

Эрдоган Австрияда мечиттердин жабылышы темасына токтолуп, мунун Кресттүүлөр-Жарым айлуулар согушунун кайрадан башталышы түшүнүгүн бере турганын айтты.

Эрдоган, Европа Биримдигинин бул темада бир мыйзамы бар экенин эске салып, «ЕБнин мыйзамына ЕБне мүчө өлкө катары терс мамиле кылып, кантип ушундай жолго баруудасың? Германиянын канцлери урматтуу Ангела Меркелге чакырык таштадым. Бул адамды жөнгө салгыла. Түркияда боло турган 24-июндагы президенттик жана парламенттик шайлоо булардын бир тобуна абдан башкача кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн берет»,деген пикирин айтты.



Тектеш кабарлар