Коргоо министри Нуреттин Жаникли Манбиж тууралуу маалымат берди

Улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли Сириянын Манбиж жол картасында кечеңдөөнүн болбой тургандыгын айтты.

989238
Коргоо министри Нуреттин Жаникли Манбиж тууралуу маалымат берди

 Улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли АКШ менен түзүлгө макулдашуу боюнча Сириянын Манбиж жол картасында кечеңдөөнүн болбой тургандыгын айтты.

Коргоо министри Нуреттин Жаникли АКШнын коргоо министри Маттис менен Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги жолугушуусунан кийин маалымат берди. Манбиж  жол картасы тууралуу чыгарылган чечимдерден сөз кылган Жаникли : «Манбижде коопсуздук текшерүүгө алуу иштерин Түркия менен АКШнын күчтөрү бирдикте аткарат. Бул эң кыска убакытта ишке ашат»,- деди.

Жаникли  -  Маттис жолугушуусунун башка бир маанилүү темасы АКШдан Түркияга Ф  - 35 аскердик учактарынын тапшырылышы тууралуу болду.

Аскердик учактарды тапшырууда кечигүүнүн болбой тургандыгын айткан Жаникли : «800 миллион доллардан ашуун төлөдүк. Жалпы 100 учак алуу күтүлүүдө. Мунун да 11 миллиард доллардан ашуун чыгымы бар. Ф  - 35 тууралуу келишимдерге тескери чечим же саясат күн тартибине келе турган болсо биз албетте чара көрүүгө мажбурбуз. Албетте башка жолдорду издейбиз»,- деди.

Орусиядан алына турган S-400 абадан коргонуу системаларына байланыштуу  маалымат берген Жаникли : «S-400дөрдүн НАТОэлементтери үчүн коркутуу туудурбай тургандыгы тууралуу бардык кепилдикти бердик»,- деди.

Коргоо министри Нуреттин Жаникли : «Террор болгон бардык жер Түркия үчүн табигый түрдө коркутуу. Бул Ирактагы Синжар, Махмур аймагы да болгон бардык террор уялары үчүн айтылат. Террорду түп тамырынан бери тазалоо үчүн эмне жасалышы керек болсо азыркы учурда ал жасалып жатат. Акырына чейин барабыз»,- деди.

Ирактын түндүгүнө карата жүргүзүлгөн абадан жардам берилген операция тууралуу маалымат берген Жаникли : «Түндүк Иракта март айынан бери 500дөн ашуун террорист жок кылынды»,- деди.



Тектеш кабарлар