Түркиядагы шайлоо үчүн добуш берүү жараяны башталды
Чет өлкөдөгү түрк шайлоочулар болсо 60 өлкө жана 123 өкүлчүлүктө өз добуштарын бере алышат.
Түркияда 24-июнда өтө турган президенттик жана 27-чакырылыштагы парламенттик шайлоо үчүн бажы бекеттери менен чек ара бекеттеринде добуш берүү процесси Түркия убактысы боюнча саат 08.00де башталды.
Бажы бекеттеринде добуш берүү жараяны 24-июнда аяктайт.
Чет өлкөдөгү түрк шайлоочулар болсо 60 өлкө жана 123 өкүлчүлүктө курула турган үкөктөрдө 19-июнга чейин өз добуштарын бере алышат.
Өлкөлөргө жараша добуш берүү күндөрү төмөнкүчө:
Германия, Австрия, Франция: 7-19-июнь
АКШ, Австралия, Люксембург: 9-17-июнь
Дания: 9-19-июнь
Норвегия: 14-19-июнь
Италия, Түркмөнстан: 15-17-июнь
Бельгия, Нидерландия, Швецария: 15-19-июнь
Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Канада, Болгария: 16-18-июнь
Улуу Британия: 16-19-июнь
Кытай, Орусия, Румыния, Сауд Аравия, Бахрейн, Греция, Ливан, Израиль, Украина, Бириккен Араб Эмирликтери, Босния-Герцеговина, Алжир, Финляндия, Швеция, Казакстан, Кыргызстан, Македония, Судан: 16-17-июнь
Азербайжан, Албания, Ирак, Иран, Ирландия, Испания, Египет, Мальта, Өзбекстан, Сербия, Чех Республикасы, Венгрия, Польша, Түштүк Африка, Грузия, Япония, Косово, Кувейт, Молдова, Сингапур, Таиланд: 17-июнь
Добуштар мурдагы шайлоолордо болгону сыяктуу бул өлкөлөрдөн учак же дипломатиялык курьер менен Түркияга алып келинет.
24-июнда Түркияда добуш берүү процесси аяктагандан кийин добуштар ачылып саналат.