Түркия менен Өзбекстандын ортосунда билим берүү боюнча кызматташтык

Өзбекстандын Бухара шаарындагы Мир Арап жогорку медресеси менен Түркиянын төрт университетинин ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюлду.

986230
Түркия менен Өзбекстандын ортосунда билим берүү боюнча кызматташтык

Өзбекстандын Бухара шаарындагы Мир Арап жогорку медресеси менен Түркиянын төрт университетинин ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюлду.

Өзбекстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын чакыруусу менен бул өлкөгө барган кээ бир түрк университеттеринин ректорлору, проректорлору менен теология профессорлорунан турган  делегация тарыхый Бухара шаарында иликтөө жүргүзүштү.

Өзбекстан мусулмандарынын диний башкармалыгынан берилген маалыматка караганда араларында Ибн Халдун университети, Кастамону университети, Мармара университети, Стамбул университети, Режеп Таййип Эрдоган университети, Дижле университетинин ректору, проректорлору, декан жана мугалимдерден турган делегациянын өзбек тарабы менен өткөргөн жолугушууларда тараптардын ортосунда билим берүү тармагында кызматташтык маселелери каралды.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Бухарадагы Мир Арап жогорку медресеси менен Түркиянын Ибн Халдун университети, Стамбул Сабахаттин Заим университети, Кастамону университети менен Стамбул университетинин ортосунда билим берүү тармагында кызматташтык меморандумуна кол коюлду.

Бул протокол менен тараптардын ортосунда студенттерди алмаштыруу, илимий изилдөө проектилерин турмушка ашыруу, мугалимдердин тажрыйба алмашуусу, билим жана илимий материалдарды алмашуу, конференция жана башка иш чараларды уюштуруу маселелеринде кызматташтык күтүлүүдө. Бир тараптан түрк делегациясы Самаркандга барып Имам Бухари күмбөзүн зыярат кылды.



Тектеш кабарлар