Измирден чет өлкөгө каттамдар башталат
Түрк аба жолдору түз каттамдарды жүргүзөт.
Түрк аба жолдору Измирдеги «Аднан Мендерес» аэропортунан Германиянын Мюнхен, Гамбург, Берлин шаарлары менен Кувейтке жайкы мезгилде түз каттамдарды жүргүзөт.
Түрк аба жолдору кеңешчилигинин билдирүүсүнө караганда, Измир-Мюнхен, Измир-Гамбург, Измир-Берлин каттамдары эки тараптуу түрдө жумасына 2 рейс катары пландалууда.
Измир-Мюнхен каттамдары 7-июль, Измир-Гамбург каттамдары 23-июнь, Измир-Берлин каттамдары болсо 1-июлдан тарта жүргүзүлөт.
Ал эми Измир-Кувейт каттамдары жумасына бир жолу эки тараптуу түрдө жүргүзүлүп, 8-июнда башталат.
Түрк аба жолдору жана учуу каттамдарына байланыштуу «www.turkishairlines.com» интернет баракчасынан же «4440849» номарине чалып кеңири маалымат алууга болот.
Тектеш кабарлар
Министр Фидан Испанияда
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Европа өлкөлөрүн Палестинаны мамлекет катары таанууга чакырды.