Түркия айдоочусуз жүрүүчү согуштук унаасын чыгарды (Видео)

Түркиянын айдоочусуз жүрүүчү согуштук унаасы UKAP кызмат өтөөгө даяр.

985773
Түркия айдоочусуз жүрүүчү согуштук унаасын чыгарды (Видео)

Түрк коргоо өнөр жайы фирмалары, Коргоо өнөр жайы кеңешчилигинин координациясында коопсуздук күчтөрүнүн колдонуусу үчүн жаңы техникаларды тапшырууда, ошол эле учурда техникалардын жөндөмдүүлүктөрүн арттырып, күчүнө күч кошуусун улантууда.

Катмержилер фирмасы өнүктүргөн жана аскердик электроникалык өнөр жай АСЕЛСАНдын курал системасы менен жабдылган UKAP, ийгиликтүү жыйынтыкталган кыймылдуу атуу сыноолорунан кийин кызмат өтөөгө даяр абалга келди.

UKAP, ар түрдүү татаал аянттагы сыноолордон ийгиликтүү өттү. Иштердин акырында айдоочусуз кургактык унааларынын биринчиси операциялык түрдө функцияларды аткаргыдай деңгээлге жетти.

Унаа алыстан башкарылуу функциясы менен катуу ок атышуулар болгон аянттарда колдонулат.

Ээ болгон өзгөчөлүктөрү менен күзөт жайларында, шаардын ичи же тышындагы операцияларда кызматкердин коопсуздугун жогорку деңгээлде коргоого салым кошот.

UKAP, коопсуздук күчтөрүнүн айдоочусуз кургактык системасынын муктаждыгын камсыздоодо алдыңкы техникалардын арасында орун алат.

Катмержилер, UKAPтын эл аралык базарларда таанытылышы жана бул аянтта кызматташтыктар үчүн да иштерди жүргүзүүдө.

Франциянын борбор шаары Парижде 11-15-июнда боло турган Эл аралык коргоо жана коопсуздук жарманкесине (Eurosatory) катыша турган Катмержилер, дүйнөнүн алдыңкы коргоо өнөр жайы жарманкелеринен бирөөндө UKAPтын өзгөчөлүктөрүн тартуулайт.


Этикеткалар: #Коргоо өнөр жайы , #UKAP

Тектеш кабарлар