Түркия Пакистанга тик учак сатат

Түрк авиация жана космостук өнөр жайы тарабынан чыгарылган АТАК тик учагы чет өлкөлөргө экспорттолууда.

978910
Түркия Пакистанга тик учак сатат

Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) чабуул коюучу тик учактарга болгон муктаждыгынын камсыздалышы максатында Түрк авиация жана космостук өнөр жайы акционердик коому (TUSAŞ/TAI) тарабынан өнүктүрүлгөн жана жасалып чыккан АТАК тик учары аянттагы ийгилигине чет өлкөлөргө экспортту да кошту.

ТКК жана Жандармерия башкы командирлигинин инветарына 2015-жылдан бери 35 АТАК тик учагы тапшырылды жана бул тик учактар активдүү түрдө террорго каршы күрөшүү операцияларында колонулуп жатат.

Коргоо өнөр жайындагы улуттук жана атайын жасалган моделинин эң көп көңүлдү бурган аскердик техникаларынын арасында орун алган АТАК тик учары, жогорку жөндөмдүүлүккө ээ болгондуктан экспорт каалагасы да ачылган болду. Пакистан менен көптөн бери АТАК тик учактарына байланыштуу жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн оң жыйынтык чыкты.

Пакистан менен 30 даана АТАК тик учары сатылышы үчүн келишим түзүлдү.

Пакистанда бир канча сыноодон өткөн жана булардын бардыгында ийгиликтүү болгон АТАК тик учагы, 23-мартта Пакистандын Улуттук күнүн белгилөөлөргө да катышкан. Ал программада АТАК тик учактары да парадга катышып учкан.

Жогорку жөндөмдүүлүгү менен өзүн далилдеген АТАКтын экспорттолушу үчүн башка өлкөлөр менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

АТАК тик учагы шамдагайлык жана маневр жөндөмдүүлүгү, ассимметриялык курал жүктөлүшү, аз көрүнүү, үн жана радар силуэти, күчтүү соккуга туруштук берүү жана баллистикалык толерантуулук сыяктуу өзгөчөлүктөргө ээ. Бул өзгөчөлүктөр тик учакка ар түрдүү согуштарда абдан жогорку кыймыл жөндөмдүүлүгүнө ээ кылууда.

Жакын аралыкта абадан колдоо көрсөтүү милдеттери үчүн 76 даанага чейин дүрмөтсүз ракеталар жана 500 даана ок дары көлөмү бар 20 миллиметрдик пушка менен жабдылган АТАК, көп максаттуу кызматтарга ылайыктуу түрдө 8 даана UMTAS антитанка ракетасы, 16 даана Найза лазердик башкаруусу бар ракета, 8 даана Стингер асмандан-асманга атуучу ракетасы менен эң заманбап электрондук согуш жана электро-оптикалык системаларды да камтыйт.



Тектеш кабарлар