Түркия АКШга каршылык көрсөттү

АКШнын чечими Түркияны каршылык көрсөтүүгө аргасыз кылууда.

978967
Түркия АКШга каршылык көрсөттү

Түркия АКШ Конгрессиндеги F-35 чечимине каршылык көрсөтүүгө аргасыз боло тургандарын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой өткөргөн маалымат жыйынында, АКШ Конгрессинин Түркияга F-35 сатууну токтотуусун көздөгөн жана «Улуттук коргоо боюнча ыйгарым укугун берүү» мыйзамы катары билинген, Коргоо министрлигинин (Пентагон) бюджетине байланыштуу мыйзам долбоорунун 66 каршы, 351 макул добушу менен кабыл алынышына сереп салды.

Хами Аксой: «Ушул сыяктуу кадамдарга биз дагы каршылык көрсөтүүгө аргасыз болобуз»,-деди.

Аксой айрыкча АКШдан бир делегациянын борбор шаар Анкарада, Сириянын Манбиж аймагына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди.

 



Тектеш кабарлар