Президент Эрдоган салтка айланган элчилерге ооз ачырууда кудс тууралуу сөз сүйлөдү

Эрдоган АКШ башкаруусунун мындан кийин демократия, адам укуктары, эркиндиктер жана тынчтык тууралуу айта турган сөздөрдүн эч бир мааниси жок экендигин айтты.

976398
Президент Эрдоган салтка айланган элчилерге ооз ачырууда кудс тууралуу сөз сүйлөдү

Президент Р. Т. Эрдоган Кудсту ондогон жылдардан бери кан, көз жашы жана басып алуу менен азыктанган бир мамлекетке  таштабай тургандарын айтты.

Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Р. Т. Эрдоган партиясынын борборунда берилген салтка айланган элчилер ооз ачуусунда сөз сүйлөдү.

Эрдоган сөзүндө Израиль аскерлеринин АКШнын 14 -  майда Иерусалимде элчилик ачышына каршы митингдерге катышкан 60тан ашуун палестиналыкты шейит кылгандыгына жана 3 миңден ашуун палестиналыкты жаралагандыгына токтолду.

Эрдоган : «Израиль башкаруусу террорист деген палестиналык шейиттердин арасында 8 айлык бөбөктөр, аялдар, жаштар, майыптар да бар. Таштаган акыркы кадам менен АКШ башкаруусу Израилдин кыргындарына да орток болду. Ачык айтып жатам АКШнын колуна палестиналык балдардын каны жукту»,- деди.

Эрдоган АКШ башкаруусунун мындан кийин демократия, адам укуктары, эркиндиктер жана тынчтык тууралуу айта турган сөздөрдүн эч бир мааниси жок экендигин айтты.

Түркиянын Ислам Кызматташытк Уюмунун кезектешкен башкаруучусу сыпаты менен керек болсо АКШнын чечими керек болсо Израилдин кылган кыргынына каршы  экендигин ачыкча ортого салгандыгын  белгилеген Эрдоган жаралуу палестиналыктардын дарыланышы үчүн Түркиянын жарандык коом уюмдары менен иштөөнү баштагандыгын, Израиль кол салууларынан таасирленген палестиналыктарга жардам берүү үчүн гуманитардык жардамдын жеткирилгендигин билдирди.

18-  май жума күнү Стамбулда кезексиз ислам саммитинин өткөрүлгөндүгүн белгилеген Эрдоган саммитте кабыл алынган билдирүү менен эл аралык тынчтык күчүн жиберүү жолу менен Палестина калкын эл аралык коргоого алуу, иштелген кылмыштардын териштирилиши, бардык өлкөлөр тарабынан Палестина мамлекетинин расмий түрдө таанууга чакырылгандыгын айтты.

Эрдоган Кудсту Израилдин борбор шаары деп жарыялаган өлкөлөргө каршы ишке кире турган чаралардын да каралгандыгын билдирди.

Мусулмандардын Кудстагы укуктарынан жол бербей тургандыгын баса белгилеген Эрдоган : «Биринчи кыбылабызды, ондогон жылдардан бери кан, көз жашы жана басып алуу менен азыктанган бир мамлекетке калтыра албайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар