Түркиядан Түштүк Африкага жардам

Муктаждыгы бар үй-бүлөлөргө азык-түлүк жардамы берилүүдө.

975663
Түркиядан Түштүк Африкага жардам

Түштүк Африканын үч аймагында Түркиянын Диянет фонду, түрк кайрымдуулар чогулткан жардамдарды жакыр үй-бүлөлөргө таратты.

Үч күн бою 3 аймакта, чатырларда жашаган 800 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы берилди.

Ал жерлерде жашаган адамдардын үй-жайлары көбүнчө калайлардан салынган. Үйлөрдө суу жана электр энергиясы жок. Адамдар мигранттардын лагерлериндегиден дагы жаман шарттарда жашашат.

Түркия Диянет фонду, быйыл дүйнөнүн 84 өлкөсүндөгү 300дөн ашуун аймакта муктаждыгы бар үй-бүлөлөргө азык-түлүк жардамын берүүдө.



Тектеш кабарлар