Эрдоган Европадагы түрктөргө кайрылды

Эрдоган, Босния-Герцеговина сапарынын алкагында Европалык түрк демократтар биримдигинин (UETD) кезектеги 6-Башкы жыйынына ардактуу конок катары катышты жана сөз сүйлөдү.

975160
Эрдоган Европадагы түрктөргө кайрылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, чет өлкөдөгү түрктөргө жашаган өлкөсүндө атуулдук берилип жатса сөзсүз алуусун сунуштады.

Эрдоган, Босния-Герцеговина сапарынын алкагында Европалык түрк демократтар биримдигинин (UETD) кезектеги 6-Башкы жыйынына ардактуу конок катары катышты жана сөз сүйлөдү.

Миңдеген европалык түрккө кайрылган Эрдоган: «Жашаган жериңиздин сөзсүз атуулдугун алыңыздар. Түркиядагы укуктарыңыздан эч ажырабастан колдоно ала турганыңыз формулаларды иштеп чыктык. Диниңизди жана тилиңизди жакшы сактаңыз. Булардан ажырасаңыз, жок болосуздар»,-деди.

Чет өлкөдөгү балдардын эне тилдерин үйрөнүүлөрү үчүн программаларды даярдагандарын, ушул алкакта жуманын акырындагы сабактары менен түрк тилин жана түрк маданиятын үйрөнүүгө шыктандыра тургандарын түшүндүргөн Эрдоган, диаспорадагы жаштарга бөлүнгөн квоталарды эки эсеге жеткире тургандарын, чет өлкөдөгү атуулдарга карай коомдук тейлөөлөрдү жөнөкөйлөштүрө тургандарын, консулдук иштери тууралуу банктарды ортодон чыгара тургандарын билдирди.

ТРТ Түрк кайрадан формаландырылып чет өлкөдөгү атуулдарга дагы кеңири кызмат сунуштай тургандарын айткан Эрдоган, чет өлкөдөн пенсияга чыккан жарандардын Түркияда жарым күн иштей алуусун камсыздай турган кадамдарды 24-июнда боло турган шайлоодон кийин дароо таштай тургандарын билдирди.

Эрдоган, чет өлкөдөгү атуулдардын координация уюмун түзгөндөрүн жана жаңы мезгилде Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын курамында чет өлкөдөгү түрктөр атында туруктуу комиссия түзүлүүсүн талап кыла тургандарын айтты.

Европалык түрктөрдүн өз араларында канчалык ынтымактуу болушса ошончолук күчтүү боло тургандарына шилтеме кылган Эрдоган: «Айрым Европа өлкөлөрү өлкөбүзгө каршы тарбиясыз мамиле кылып жатса, мунун себеби ал жактагы түрктөрдүн чар жайыт болушунан. Бул жерден Европадагы туугандарыбызга кайрылуудамын, эми биримдик болуунун убагы»,-деди.

Террор менен күрөшүүгө да токтолгон Эрдоган, акыркы террористти тазалаганга дейре күрөшүүнү уланта тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар