Эрдоганга Балканда кол салуу боло турганы жөнүндө чалгындоо кабары келип түштү

Чалгындоо кабарлары боюнча Эрдогандын эртеңки Босния-Герцеговина сапарынын алдында чалгындоо жана коопсуздук бөлүктөрү иш-аракетке өттү.

974739
Эрдоганга Балканда кол салуу боло турганы жөнүндө чалгындоо кабары келип түштү
bekir bozdağ.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоганга Балкан өлкөлөрүндө түрк тектүү бир топ тарабынан кол салуу боло турганы боюнча чалгындоо кабарлары келди.

Чалгындоо кабарлары боюнча Эрдогандын эртеңки Босния-Герцеговина сапарынын алдында чалгындоо жана коопсуздук бөлүктөрү иш-аракетке өттү.

Македониянын борбор калаасы Скопьяда жашаган түрктөрдөн жергиликтүү чалгындоо кызматтарына, батыштык кабар алуу кызматтарынан да Түрк чалгындоо кызматына «алдыбыздагы мезгилде Балкан өлкөлөрүнө сапары убагында түрк тектүү бир топ тарабынан Эрдоганга карай кол салуу даярдыгы жүрүп жатканы» боюнча чалгындоо кабарлары келди.

Учурда убакыт, жер, ыкма темаларында кеңири маалымат жок болсо дагы чалгындоо уюмдары тема иликтенген убакта координациялуу кыймыл кылат.

Бул учурда вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, тема тууралуу баа берүүсүндө Президент Режеп Таййип Эрдогандын өлүм коркунучунан корко турган бирөө эмес экенин айтты.

Бекир Боздаг: «Эрдоган, өлүм коркутууларынан корко турган,жолунан жана доосунан кайта турган бирөө эмес. Ушунча көп нерсе баштан өткөнүнө карабастан муну дагы деле түшүнө албагандар акмак болуп саналышат»,-деди.

Боздаг: «Алла тааланын жардамы, коргоосу жана сактоосунун астында, ардактуу элибиздин, үммети Мухаммеддин жана карапайым калктын дубалары менен Режеп Таййип Эрдоган жолун улантат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар