Эрдоган - Хамдаллах - Усейминдин биргелешкен пресс - жыйыны

Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын АКШнын Кудсту Израилдин борбор шаары катары жарыялоо чечиминин аймакта жол ачкан жыйынтыктардан биринчи даражадагы жооптуу экендигин айтты.

974620
Эрдоган  - Хамдаллах - Усейминдин биргелешкен пресс  - жыйыны
erdogan-hamdallah-useymin.jpg

Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын Кудсту Израилдин борбор шаары катары жарыялоо чечиминин аймакта жол ачкан жыйынтыктардан биринчи даражадагы жооптуу экендигин айтты.

Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун Ислам саммити конференциясынын кезексиз жыйынынан кийин Палестинанын премьер  - министри Рами ел  - Хамдаллах жана Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Юсуф Ахмед ел  - Усейин менен биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү.

АКШнын Кудсту Израилдин борбор шаары деп жарыялоо чечиминин эч бир маанисинин жок экендигин белгилеген Эрдоган : «Тынчтык процессин саботаж кылган бул чагымчыл чечимдин аймакта жол ачкан жыйынтыктарынын жоопкерчилиги толугу менен Америкага таандык. Америка башкаруусу ушундайча тынчтык каалагандыгын көптөгөн жолу далилдеген Палестина тарабын жазаландырды»,- деди.

Израилдин Палестина калкына каршы иштеген кылмыштарынын эсебин бериши эми качылгыс экендигин баса белгилеген Эрдоган : «Бул үчүн бүткүл дүйнөгө мыйзамдуу жана ахлактык милдеттүүлүгүнүн негизинде аракетке өтүүгө чакырдык»,- деди.  

Палестинанын премьер  - министри Рами ел Хамдаллах да сөзүндө АКШнын элчилигин БУУнун чечимдерин жокко чыгарып Кудска көчүргөндүгүн белгилеп, бул абалдын ачыкча көкүтүү экендигин айтты. Хамдаллах элчиликтин Кудска көчүшүнүн эл аралык коом тарабынан так түрдө айыпталышы керектигин билдирди.

Палестина маселесинин ислам дүйнөсү үчүн негизги маселе экендигин жана Кудстун бул доонун жүрөгү экендигин белгилеген Хамдаллах Кудстун Палестина мамлектинин түбөлүк борбор шаары катары каларын айтты жана : «Бардык күч колдонуу жана мыйзамсыз мамиле кылуу да бул чындыкты өзгөртпөйт»,- деди.

Хамдаллах маселе Кудс жана Палестина болгондо аракетке өткөн Президент Эрдоганга  рахмат айтты.

Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Юсуф бин Ахмед  ел  -  Усеймин да керек болсо араб өлкөлөрүнүн, керек болсо ислам өлкөлөрүнүн Палестина калкы дуушар болгон эреже бузуулардын иликтөөчүсү болорун белгилеп, бул тууралуу эл аралык мекемелердин негизинде демилгелерди улантышарын баса белгиледи.

Юсуф бин Ахмед  ел  - Усеймин Палестина калкын коргоо менен бирге Кудстагы мусулман жана христиан күбөлүгүнүн коргоого алынышы үчүн материалдык жардам кампаниясын жүргүзүшөрүн  сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар