Израилдин кыргын салуусуна көпчүлүгү кайдыгер калды

Президент Режеп Таййип Эрдоган рамазан айынын алгачкы күнүндө Президенттик комплексинде шейиттердин жакындары менен бирге ооз ачты.

973009
Израилдин кыргын салуусуна көпчүлүгү кайдыгер калды

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Газадагы Израиль терроруна байланыштуу, «Палестинада чоң адамзаттык кылмышын көрүүдөбүз»,-деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган рамазан айынын алгачкы күнүндө Президенттик комплексинде шейиттердин жакындары менен бирге ооз ачты.

Палестинада жалгыз күнөөсү миңдеген жылдар бою жашаган жерлердеги укуктарын коргоо болгон карапайым адамдарга карай чоң адамзат кылмышына туш болгондорун белгилеген Эрдоган, дүйшөмбү күнү АКШнын Элчилигинин Тель-Авивден Кудска көчүрүлгөн убакта болгон окуяларда 63 киши шейит болуп, 3 миңден ашуун киши жаракат алганын маалымдады.

Израилдин укук, адилеттик, адамзатты тааныбаган кол салууларынын себебинен жарым кылымдан ашуун убакыттан бери тынчтык көрбөгөн палестиналыктардын дагы бир жолу зулумдукка дуушар болгонун белгилеген Эрдоган: «Американын элчилигинин БУУ жана эл аралык мекемелердин токтомдорун тебелеп Кудска көчүрүлүшү Израиль бийлигин кадимкидей оолуктурду. Израиль аскерлери, жерлерин коргоодон тышкары эч бир максаттары болбогон, эч качан куралга, күч колдонууга, зомбулукка кайрылбаган карапайым палестиндерди, бала, майып, аял, картаң дебестен кырып жатат. Дүйнөнүн башка бир жеринде болсо бардык эл аралык мекемелер, бардык мамлекеттер каршы чыга турган бул кол салуу Израиль тарабынан палестиналыктарга болгондо тилекке каршы көп өлкө тарабынан көнүмүш адат сыяктуу кабыл алынды. Түркиянын иш-аракеттери, Ислам аймагындагы карапайым калктардын жүрөктү сыздаткан козголоңдору жана кээ бир абийирдүү батыштыктардын каршы чыгууларынын тышында бул трагедияга карап гана турушту»,-деп айтты.

Эрдоган, Түркиянын болсо палестиндерди жактаганын, дүйнө жүзү көрмөксөнгө салса дагы Түркиянын Израиль зулумдугуна ыраазы болбой турганын баса белгиледи.

Изарилдин Газада кылган кыргыны тууралуу Эрдоган, Израилдин укук тааныбаган,адилеттикти билбеген, көпкөн, орой, адамкерчиликсиз кылыктарына үн катпай калуунун абдан коркунучтуу каалганын ачылышы түшүнүгүн бергенин айтты.

Биринчи жана Экинчи Дүйнөлүк согуштардын оор кыйратууларынын, адамзатты эл аралык мекемелердин айланасына биригип тынчтыкты жана коопсуздукту, эрежелерге таянган деңгээлде издөөгө багыттаганын айткан Эрдоган: «Израилдин каракчылыктары, бул тартиптин орду түбү менен бузулуусуна жана акыркы окуялар менен бирге ачык түрдө жайыла баштоосуна алып келди. Мындан мурда Европанын чоң ортосундагы Боснияда, Африканын бир топ жеринде, Сомалиде, жакынкы эле убакта Ирак жана Сирияда жаман сыноолордон өткөн эл аралык системанын Палестинадагы мамилеси менен кудум эле жан кечтилик кылган сыяктанат. Мына Бириккен Улуттар Уюму, ушул окуялардын алдында иши бүттү, алсырады, кыйрады. Чындыгында БУУ адилеттикти түзүш үчүн турат, бирок учурда БУУнун баш катчысына, укугубуз жогорку деңгээлде болгонуна карабастан байланыша албай жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар