Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен Майк Помпео жолугушат

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен 4 -  июнда АКШда жолугушат.

972512
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен Майк Помпео жолугушат

 Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен 4 -  июнда АКШда жолугушат.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Помпео менен Чавушоглу АКШнын борбор шаары Вашингтондо жолугушат. Эки министрдин андан мурда май айынын ичинде жолугушуусу үчүн иш алып барылган болчу. Бирок календарлар бири бирине шайкеш келбегендиктен тараптардын жолугушуу күнү катары 4 -  июнда макулдашышкандыгы белгиленди.

Помпео менен Чавушоглунун жолугушууда Сирия тууралуу Жакынкы Чыгыштагы абалдар, эки тараптуу карым  - катнаштар, террордук уюмдар ПКК жана Фетуллахчы террордук уюм менен күрөшүү сыяктуу темаларды карап чыгышы күтүлүүдө.

Чавушоглу Помпео менен 27 -  апрелде Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн НАТО тышкы иштер министрлеринин жыйынында жолугушкан болчу. Помпеону тышкы иштер министри катары дайындоо процесси АКШ конгрессинин бекитүүсү менен 26 -  апрелде аяктаган.



Тектеш кабарлар