Президент Bloomberg TV каналына маек берди

Президент Р. Т. Эрдоган президенттик шайлоодо жеңип чыга турган болсо акча саясаттарында таасирдүү роль ойной аларына басым жасады.

971249
Президент Bloomberg TV каналына маек берди

Президент Р. Т. Эрдоган президенттик шайлоодо жеңип чыга турган болсо акча саясаттарында таасирдүү роль ойной аларына басым жасады.

Эрдоган Британия сапарынын негизинде Лондондо Bloomberg TV каналына берген маегинде түрк экономикасы жана 24 -  июнда боло турган шайлоого токтолду.

Президент Эрдоган : «Эл акча саясаты тууралуу кимди жооптуу дейт? Муну президенттен сурагандын ордуна акча саясаттарында таасирдүү болгон бир президент көрүнүшүн берүүгө мажбурбуз»,- деди.

Президент Эрдоган Борбордук банктын башкаруусу менен болгон карым  - катнаштардын кандай улантылып жаткандыгына байланыштуу суроого да : «Азыркы учурда Борбордук банк менен карым  - катнашыбыз бар. Мындан кийин да ушул эле багытта улантылат. Өлкө башкаруусунда жаңы эмеспиз. Кызматты жаңыдан өткөрүп алган жокмун. 16 жылдан бери өлкөнү башкарып келе жатабыз»,- деди.

Президент катары акча саясаттарында дагы активдүү роль ойной тургандыгын белгилеген Эрдоган глобалдык өлчөмдө акча саясаттарында ишке ашырылган башкаруу принциптерин Түркияда да ишке ашырышкандарын айтты.

Эрдоган : «Бул башкаруу түшүнүгү Америкада эмне болсо, Европада кандай болгон болсо Түркияда да ошондой болот. Алар үчүн мыйзамдуу болгон нерсе биз үчүн мыйзамсыз боло албайт. Муну баары билиши керек. Кадамыбызды ошого жараша таштайбыз. Өлкөбүздү эч качан жоготууга учуратпайбыз»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар